Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстандык тайбоксчулар дүйнө чемпионатында 5 медаль утту
20.08.2024 | 09:09
Кыргызстандык тайбоксчулар Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында 5 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Байгелердин экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло.
Алтын медалга тайбоксчу кыздар Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) кол жеткизди.
Ошондой эле Орозбекова Махабат (67 кг) күмүш, Шарипа Мунарбек кызы (45 кг) коло медалга ээ болду.
Эркектер арасында Ихтияр Каныметов (63,5 кг) коло байге утту.
Мелдеш 14-18-август күндөрү өттү. Курама команда чемпионатка башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында катышты.