Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон 2 кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон 2 кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү

Былтыр Түркияда өрт өчүрүү иштерине катышып жатып, тик учак кырсыгында каза болгон кыргызстандык эки жарандын үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктаган тик учак «Транс Караван Кейджи» компаниясына таандык болгон. Аталган компания маркумдардын үй-бүлөлөрүнө өз ыктыяры менен 5 млн 102 миң 246 сомдон, жалпы 10 млн сомдон ашык акча төлөп берген.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Измир провинциясынын Келер районундагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө тартылган тик учак Тахтали суу сактагычына кулаган. Ал суу алайын деп жатканда кырсыктаган. Тик учактын ичинде 4 киши болгон. Алардын үчөө (О.О., И.Э., Я.Л.) Кыргызстандын жана бирөө Түркиянын жараны. Бул кырсыктан 3 адам каза болуп, Кыргызстандын 1 жараны аман калган.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдиргендей, Кыргызстандын О.О., И.Э. аттуу жарандары аталган тик учакта учкуч болуп иштеген, ошондой эле Я.Л. аттуу жаран бортмеханик болгон. Тик учакты Кыргызстандын жарандары башкарып бара жаткан. Ал суу сактагычка кулагандан кийин И.Э. аттуу учкуч чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган.

Аман калган кыргызстандык ооруканага түшкөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>