Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 28-августта аларга Кара-Суунун 24 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, былтыр ноябрда «Акрам» аттуу жигит «үй сатып алып берем» деп 40 миң долларын алып, ошону менен убадасын аткарбай жок болуп кеткен.
Бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда анын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.