Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Үйдөн жок же акчадан жок. Шылуун Оштун тургунунан 40 миң доллар алып, сызга отургузуп кеткен
09.09.2024 | 12:12
Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 28-августта аларга Кара-Суунун 24 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, былтыр ноябрда “Акрам” аттуу жигит “үй сатып алып берем” деп 40 миң долларын алып, ошону менен убадасын аткарбай жок болуп кеткен.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда анын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.