Садыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргизди
Видео: Бишкектеги мушташ боюнча эки адам кармалып, айыпка жыгылды
09.09.2024 | 20:39
Бишкектеги мушташ боюнча эки адам кармалып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 6-сентябрда “Инстаграмга” шаардагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдардын мушташып жатканы тартылган видео тараган.
Видеодон көрүнгөндөй, эки адам жеңил унаада отурган кишини, анын унаасын тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Укук коргоо кызматкерлери, видеодогу адамдарды тапкан. Алар 30 жаштагы Н.Б. жана 25 жаштагы А.А. болуп чыккан. Аларга “майда бейбаштык” боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими менен 5,5 миң сомдон айып пул салынган.