Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдардын саны боюнча экинчи келе жатат
10.09.2024 | 09:23
Кыргызстандын курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экинчи күндүн жыйынтыгы менен медалдардын саны боюнча экинчи орунда келе жатат.
Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда башталган, 14-сентябрда жыйынтыкталат.
Мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы менен Казакстан 14 алтын, 3 күмүш, 8 коло (жалпы 25 байге) утуп, медалдардын саны боюнча сап башында турат. 3 алтын, 7 күмүш, 4 коло (жалпы 14 байге) алган Кыргызстан экинчи орунду ээлөөдө. Ошондой эле Россия 3 алтын, 2 күмүш, 5 колосу (жалпы 10 байге) менен үчүнчү болуп келе жатат.
Алтын уткандар (Кыргызстан):
- Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);
- Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);
- Элза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).
Күмүш медаль ээлери:
- Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);
- Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);
- Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);
- Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);
- Кемал Оболбеков (казак күрөшү, 55 кг);
- Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);
- Асел Садырова (салттуу жаа атуу);
Коло медаль ээлери:
- Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);
- Байбол Саламат уулу (казак күрөшү, 66 кг);
- Искак Токонов (салттуу жаа атуу);
- Ажар Исаева (кураш, 70 кг).