Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Арча-Бешиктеги үйгө түн ката кирген уурулар 85 миң сом алып кеткен. Шектүүлөр кармалды
11.09.2024 | 15:13
Бишкек уурулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 7-сентябрга караган түнү Арча-Бешик конушундагы үйгө белгисиз адамдар кирип, 85 миң сом уурдап кеткен. Бул окуядан кийин үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Н.А. жана 28 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Иликтөө иштери уланууда.