Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт
Көчмөндөр оюндары: Көкпардын финалында Кыргызстан менен Казакстан мөөрөй талашат
11.09.2024 | 14:56
Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында Казакстандын командасы менен мөөрөй талаша турган болду.
Бүгүн, 11-сентябрда Казакстан Россиянын курамасы менен жарым финалда беттешип, 18:2 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.
Ал эми кечээ, 10-сентябрда кыргызстандык улакчылар жарым финалда Түркияны 15:1 эсебинде жеңип, финалга өткөн.
Эми Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары финалда кез келет. Беттеш 12-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00до башталат.
Ал эми коло байге үчүн Россия менен Түркия ат салышат. Алардын оюну саат 11:00до башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом