Президент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койду
Tesla менен Көлдүн жээгине чейин кирген айдоочу айыпка жыгылды
14.09.2024 | 09:14
Ысык-Көлдүн жээгине чейин кирип кеткен Tesla унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Tesla үлгүсүндөгү автоунаа көлдүн жээгине чейин кирип кеткендигин жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан.
Бул факты боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облусунун ЖККК кызматкерлери тарабынан жогорудагы Tesla үлгүсүндөгү унаа табылып, анын айдоочусу – 1973-жылы туулган К.М.Л. аттуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар