Бишкектен Дохага түз аба каттамдары ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин делегациясынын Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, делегациянын башчысы, мамлекеттик агенттиктин директору Данияр Бостонов Катардын транспорт министри Жассим бин Сейф Аль-Сулайти, Катардын жарандык авиациясынын башкы директору Мухаммад бин Фалих Аль-Хажири, Катар аэронавигациялык академиясынын башкы директору Жабир бин Хамад Аль Тани жана Qatar Airways авиакомпаниясынын авиация саясаты боюнча вице-президенти Фатхи Атхи менен жолугушууларды өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Доха шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу жана авиация тармагында тажрыйба алмашуу, анын ичинде жаш кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Катар тарап кыргыз тарап менен авиация тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, жакынкы аралыкта эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачууга даярдыгын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз