Билим берүү жана илим министрлиги Баткендин Зардалы айылындагы башталгыч класстын окуучуларын китеп менен камсыз кылуу маселеси чечилгенин билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылында 2-класста бир окуучу, 3-класста үч окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош.
Учурда балдарды окуу китептер менен камсыз кылуу маселеси чечилди.
«Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат», — деп билдирет министрлик.
Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында окуусун улантат.
Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институту Зардалы айылындагы башталгыч мектепте 7 бала билим аларын, окуучулар үчүн китептер жетишсиз экенинайтып чыккан. Ошондой эле балдарга ысык тамак берилбей турганын, анын ордуна бир айга 1 коробка печенье жана 1 коробка вафли гана берилерин кабарлаган.
Зардалыда 7 бала башталгыч мектепке барат. Аларга ысык тамак берилбейт, китептери жетишсиз