Сауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылдыМАГАТЭ: Иранда ядролук бомба жасалгандыгы тууралуу далилдер жок, бирок уранды байытуунун деңгээли кооптонууну жаратуудаЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдүБишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жетет
Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы?
26.09.2024 | 12:18
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев унааны сатып жатканда, ОСАГО полиси болушу керек деген норманы жокко чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, учурда унаасын сатып жаткан адам да, аны алып жаткан киши да ОСАГО полисин алууда.
“Бул туура эмес. Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы. Менимче кереги жок. Бул жөн гана камсыздандыруу компанияларынын бизнеси. Мамлекетке бир да пайдасы жок. Муну жоюш керек. Ким унааны сатып алса, ошол киши камсыздандыруу жасашы керек”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом