ИИМ ДНК жана манжа издерин чогултууну көздөөдө. Жаңы маалымат базасына кимдер киргизилет?Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскерттиЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификацияладыМинкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайт
Кыргызстан Ангола менен дипломатиялык алака түздү
27.09.2024 | 14:55
Кыргызстан Ангола Республикасы менен дипломатиялык мамиле түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү документке БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол койгон.
Ангола Кыргыз Республикасы менен дипломатиялык мамиле түзгөн 172-өлкө болуп калды.
Ангола – Түштүк Африкадагы мамлекет. Ал 1975-жылы көз карандысыздыкка жеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом