Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстанда дагы 10дон ашык «Эл аман» дарыканасы ачылат
27.09.2024 | 13:27
Жакын арада Кыргызстанда дагы 13 “Эл аман” мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын жана “Мекенчил” тобунун жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал белгилегендей, буга чейин өлкө боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.
“Мамлекеттик дарыканалардагы дарылар жеке менчиктегилерге караганда 15-20% арзан сатылат. Мамлекеттик дарыканалардын ачылышы менен жеке дарыканалар бааларын арзандатууда”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом