Япониялык ишкерлер Кыргызстанда медицина, туризм, энергетика тармактарында иштөөгө кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстанда медицина, туризм, энергетика тармактарында иштөөгө кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда Япониядан келген бизнес өкүлдөр менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров Кыргызстанды ар бир жаран жана ар бир чет элдик инвестор өзүн коопсуз сезген, ишин тынч алып барган өлкөгө айландырууга бардык күч-аракеттер жумшалып жатканын айткан.

Ал билдиргендей, салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими түзүлдү.

Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына чет элдик түз инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Япониялык ишкерлер медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин белгилешти. Ошондой эле бизнес өкүлдөр банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жапаров экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге япон ишкерлери менен тыгыз байланышта болуп, пайда болгон маселелерди чечүүдө аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>