Парламент төрагасы өкмөт даярдаган мыйзамдарды сындады

Парламент төрагасы өкмөт даярдаган мыйзамдарды сындады

Өкмөт тарабынан даярдалган мыйзам долбоору чийки болсо же аны баяндамачылар айтып бере албай, тантырап отурса кабыл албайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.

Парламенттин 3-октябрдагы жыйынында Шакиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

«Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, президент жана министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок мындан ары демилгеленген мыйзам долбоорлоруна карата көзөмөл күчөтүлөт. Эгер мыйзам чийки болсо же аны баяндамачылар айтып бере албай, тантырап отурса кабыл албайбыз. Андыктан, министрлер кабинети мыйзам чыгаруу ишине жана парламентке карата мамилени өзгөртүшү керек», – деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>