Кувейт фонду Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоого грант бөлөт. Президент макулдашууга кол койдуБишкекте КРВИ чалдыккандар көбөйдү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы эскертүү бердиОш мэриясы аймактык башкармалыктарга жаңы унаалар тапшырдыКасымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирдиБишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалды
Таластын Көпүрө-Базар айылында 98 млн сомго жаңы оорукана салынууда
04.10.2024 | 13:25
Таластын Көпүрө-Базар айылында жаңы оорукана салынып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оорукананын курулушу быйыл июнда башталып, келерки жылы аяктайт деп пландалууда. Анын курулушуна 98 млн сом бөлүнгөн.
Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашат.
Көпүрө-Базардын тургундары жана жакын жайгашкан айылдардын тургундары ооруканага келип, дарыгерлерге көрүнө алат.
4-октябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев оорукананын курулушу менен таанышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом