Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Келерки жылы электр энергиянын баасы көтөрүлөбү? Министрдин жообу
04.10.2024 | 14:39
Электр энергиянын баасы жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, электр энергиянын баасын инфляцияга тууралап көтөрүп турбаса, энергетика тармагын өнүктүрүү кыйын болот.
“Тариф жыл сайын көтөрүлүп турат, муну жашырбайм. Ал инфляцияга жараша көтөрүлөт. Мурдагы жылы 23 тыйынга, быйыл 11 тыйынга көтөрүлдү. Келерки жылы инфляция кандай болгонуна карап, 5%, 6% же 15% болсо, ошого жараша көтөрүлөт. Муну туура түшүнүңүздөр. Бааны инфляцияга жараша көтөрбөсөк, энергетика тармагын көтөрүш кыйын болот”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом