Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахмановдон Осмонкул көчөсүнө чейин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошол эле учурда Жибек-Жолунун түштүк тарабы Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды.
Эскерте кетсек, Жибек Жолунун Тоголок Молдодон Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы асфальт төшөлүүдө.