Анкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыландыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүФранция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даяр
Баткенде баасы 50 млн доллар болгон алтын кен мамлекетке кайтарылды
04.10.2024 | 17:26
Баткен облусунда баасы 50 млн доллардан ашкан алтын кен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Баткендеги «Апрель AZI» кени кылмыштуу кирешелерди адалдоо, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кайтарылган. Кенде алтындын дээрлик 10 тонна жана күмүштүн 15 тонна запасы бар. Алдын ала эсеп боюнча анын баасы 50 млн доллардан ашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом