Bigser компаниясы Ошто жаш балбандарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт

Bigser компаниясы Ошто жаш балбандарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт

Ош шаарында мектеп курагындагы балдар грек-рим, эркин күрөш, таэквондо жана каратэ менен тажрыйбалуу машыктыруучулардын жетекчилиги астында машыга ала турган жаңыланган күОөш залынын ачылышы болуп өттү.

Спорттук жай олимпиада чемпиону Акжол Махмудовдун улуу агасы Бексултан Махмудовдун демилгеси менен ишин баштады.

«Бул спорт залы Ош облусундагы балдардын потенциалын өнүктүрүү борбору болот. Анда күнүмдүк машыгуулар өтүп, ошондой эле регионалдык мелдештер уюштурулуп турат, бул жаш спортчуларга өз деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди Бексултан Махмудов.

Спорт залда эркин күрөш боюнча 4 машыктыруучу, грек-рим күрөшү боюнча 4 машыктыруучу, таэквондо жана каратэ боюнча 4 машыктыруучу иштейт. Ар биринде 150дөн окуучу болот.

Залдын ачылышын спорттук жабдууларды камсыздап, жаш балбандарга жана машыктыруучуларга сапаттуу спорттук формада машыгууга жана мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген Bigser компаниясы колдоду. Bigser — спорттук жабдууларды чыгарууга адистешкен жалгыз жергиликтүү бренд.

«Биз Bigser компаниясына өлкөнүн чемпиондорун гана эмес, жаш спортчуларды жана машыктыруучуларды да колдоп жаткандыгы үчүн ыраазыбыз. Bigser менен кызматташууга ар дайым даярбыз», — деп белгиледи Бексултан Махмудов.

Bigserдин негиздөөчүсү Сергей Быковский Ош шаарында жаңы залдын ачылышы менен спортчуларды куттуктады.

«Биз жергиликтүү бренд катары Кыргызстандагы спортту колдоого дайыма умтулабыз. Күчүбүздү күрөшкө гана эмес, гимнастикага, улуттук спорт түрлөрүнө, футболго жана башка тармактарга жумшайбыз. Кыргыз спортуна салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенибиз менен сыймыктанабыз жана жаш таланттардын өсүп, жаңы бийиктиктерге жетип жатканын көрүп кубанабыз. Бирге Кыргызстанды күчтүү, ийгиликтүү жана спортко берилген өлкө кыла алабыз», — дели ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>