Бишкекте 4 миңден ашык бош жумуш орундары бар, — Эмгек министрлиги

Бишкекте 4 миңден ашык бош жумуш орундары бар, — Эмгек министрлиги

Бишкек шаарында «Бош орундар жана кесиптер – 2024» жарманкеси болуп өттү, ага борбор калаабыздын 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жарманке  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө жана ошондой эле Бишкек мэриясы, «Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору» жана DVV International финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, Бишкек шаары боюнча эле 4 миңден ашык бош жумуш орундары бар.

«100дөн ашык алдыңкы компаниялар өздөрүнүн актуалдуу бош жумуш орундарын сунушташты, ошону менен жарандарга жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кесиптик лицейлер жана окутуунун жеке провайдерлери борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунушташты» – деди ал.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-интервьюларды өткөрүштү жана жарандар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызматтар боюнча кеңештерди алышты.

Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле каалоочулар өздөрүнүн күчтүү жактарын жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтө алышты, бул аларга кесип тандоодо жардам берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>