Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда
07.10.2024 | 09:40
Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
Жапаров учурда өлкөдө эски аэропорттор оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы учактар алынып жатканын айтты.
“Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.
Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом