Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Кыргызстандык балбан Баяман Каримов эл аралык мелдеште алтын утту
07.10.2024 | 09:20
Кыргызстандын грек-рим балбаны Баяман Каримов Казакстандагы Мардан Сапарбаевдин жаркын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын байге тагынды.
Каримов 67 кг салмакта күч сынашты. Финалда ал казакстандык балбан Мейрамбек Айнагулов менен күрөштү. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Каримовдо болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.