Гонконгдун аэропортунда Кыргызстандан учак менен барган жүктөн 11,3 млн долларлык баңгизат табылды. Бул тууралуу Гонконгдун басылмалары жазды.
Баңгизат керамика буюмдары ташылып келген жыгач такталардын арасынан табылган.
Бажы кызматынын баңгизат кылмыштарын иликтеген тергөөчүсү Иван Чоу Винг-Чонгдун айтымында, адатта Кыргызстандан Гонконгго кымбат керамика буюмдары экспорттолбогондуктан, алар жүктү текшерип көрүүнү чечкен. Жүк рентгенден өткөрүлүп, жыгач такталардын арасында бир нерсе катылганын көрүшкөн. Катылган заттарды алып чыкканда ал метамфетамин баңгизаты экени билинген. Анын салмагы 88 килограммды түзгөн. Баасы 11,3 млн долларга жетет.
Полиция аэропортко жүктү алып кетүүгө келген 54 жаштагы жаранды кармаган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.