Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Шайлообек Атазовго мыйзамсыз берилген стадиондун жери мамлекетке кайтарылды
10.10.2024 | 18:11
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовго мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, Шайлообек Атазов 2002-2015-жылдары бокс боюнча спорт комитетинин машыктыруучусу болуп иштеген. 2009-жылы ага Оштогу А. Сүйүнбаев атандагы стадиондун 84 чарчы метр жери мыйзамсыз берилген.
Жерди кайтаруу үчүн министрлик облустук сотко кайрылып, жыйынтыгында 25-сентябрда сот 84 чарчы метр жерди стадиондун карамагына кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом