Нарын дарыясына бир күндө эки бала түшүп кетти. Алар эки күндөн бери изделип жатат«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдады
Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен кетти
11.10.2024 | 09:16
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Ашхабадда өтө турган түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.
Расмий делегациянын курамындагылар:
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
– Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом