Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
11.10.2024 | 11:54
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, сентябрь айынын баштарында Арча-Бешик конушундагы үйгө белгисиз адам кирип, зер буюмдарды жана 30 миң сом акчаны уурдап кеткен. Бул боюнча үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда анын башка уурулук фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.