Чүйдө жарандын унаасынан $30,9 миң жана 2,1 млн сом уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө жарандын унаасынан $30,9 миң жана 2,1 млн сом уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө акча уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-октябрда болгон. «Риом» унаа базарында белгисиз адамдар «Хонда-Степвагон» унаасынын эшигин сындырып ачып, анын ичинен 30,9 миң доллар жана 2 млн 150 миң сом уурдап кеткен. Акчасын уурдаткан адам милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 51 жаштагы Ж.Ө. жана 40 жаштагы Ж.М. аттуу жаран кармалган. Кармалгандардын бири – 51 жаштагы Ж.Ө. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталган.

Милиция билдиргендей, кармалгандардын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 29,8 миң доллар жана 1 млн 689 миң сом табылган.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0312 607 567, 03134 53380 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>