Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Жолдун ортосунда унаасы менен оюн салган айдоочу айыпка жыгылды (видео)
16.10.2024 | 12:25
Чүйдүн Москва районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек – Ош унаа жолунда “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу автоээнбаштык кылганы тартылган видео тараган.
Жол тескөөчүлөрү видеодогу айдоочуну издеп таап, жалпы 21,5 миң сом айыппул салган. Ошондой эле анын унаасы айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом