Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ооруканаларга 20 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Тез жардам унааларды тапшыруу иш-чарасы Бишкектеги эски аянтта өтүп, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Унаалар президенттин фондунун эсебинен сатып алынган.