Таласта унаа жөө адамдарды сүзүп кетти (видео)

Таласта унаа жөө адамдарды сүзүп кетти (видео)

Таласта бүгүн, 23-октябрда жеңил унаа жөө адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жолдон өтүп бараткан жөө адамдарды, андан кийин эки унааны сүзүп, жол жээгине чыгып кеткен.

Учурда жабыркагандар, анын ичинде каза болгондор боюнча маалымат такталууда. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>