Москвада кыргызстандык 78 жаштагы жазуучу аялды сабап өлтүргөн деп кармалды

Москвада кыргызстандык 78 жаштагы жазуучу аялды сабап өлтүргөн деп кармалды

Россияда Кыргызстандын жараны 78 жаштагы жазуучу Раиса Кирсанованы өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу россиялык «Регнум» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда түнүндө Москванын чыгыш тарабындагы Открытое шосседе болгон. Полицияга көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундарынан белгисиз адам бейбаштык кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине полиция барып, батирлеринин биринин каалгасы ачык экенин көрүшкөн. Анын ичинде Кыргызстандын 39 жаштагы жараны А.А. болгон. Андан ичимдик жыттанып турган. Ошондой эле 78 жаштагы үй ээси сабалып, жерде жатканын көрүшкөн. Үйдүн ичи чачык болгон. Полиция шектүүнү кармаган.

Сабалган аял ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Басылма жазгандай, шектүү жазуучу Кирсанованын үйүнө кокустан кирип калган. 19-октябрь күнү кечинде ал жумуш маселеси боюнча досуна жолугуу үчүн Открытое шоссеге барган. Ал менен жолуккандан кийин жумуш жок экенин билип, маанай түшүп, жакынкы дүкөндөн ичимдик алган. Мас болуп калгандан кийин ошол жактагы үйлөрдүн подъезддерине кирип, батирлердин эшиктерин тарткылай баштаган. Жазуучу аялдын батири ачык болгон. Ал батирдин ичине кирип, пенсионер аялды сабап салган. Андан кийин батирдин ичинде уктап калган.

Ал соолуккандан кийин эсинде эч нерсе жок экенин айткан.

Кыргызстандын жаранына «бейбаштык максатта адам өлтүрүү» жана «турак үйдүн кол тийбестигин бузуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Маркум Раиса Кирсанова 78 жашта болгон. Ал жазуучу, искусство тануучу катары таанымал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>