Бишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсизДональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыялады
Ысык-Көлдөгү тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” аты берилет
30.10.2024 | 09:20
Ысык-Көлдөгү тоо чокуларынын бирине “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деп атоо сунушталууда. Министрлер кабинети иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору Жогорек Кеңешке келип түштү.
Аталган чоку Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагында, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан (географиялык координаттары: B=42°13’56” L=79°47’37”). Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом