2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилетСпутниктен баштап фермердик азыктарга чейин: Бишкектеги «АгроТехЭкспо — 2026» эмнеси менен таң калтырдыБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөт
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу баштаган балбандар күрөшөт
30.10.2024 | 09:00
Албанияда күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары боюнча дүйнө биринчилиги уланууда.
Бүгүн, 30-октябрда чемпионаттын үчүнчү күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өтөт. Кыргызстандан килемге Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Алибек Осмонов (70 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) чыгат.
Эркин күрөштө 61, 70, 79 жана 92 кг салмактар олимпиадалык эмес болуп саналат.
Белгилей кетсек, мелдеш 28-октябрда башталган, 31-октябрда жыйынтыкталат. Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим балбандары байге ала алган жок. Кыз-келиндер күрөшүнөн эч ким катышпады.
https://reporter.kg/grek-rim-balbandary-dyjno-chempionatynda-bajgesiz-kaldy/