АКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргиздиКармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылдыСүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралууСурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болот
Нурланбек Шакиевге Казакстандын “Достук” ордени ыйгарылды
31.10.2024 | 17:11
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган сыйлык Шакиевге коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
Орденди ага Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов тапшырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом