Кыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырдыКыргызстанда асыл тукум чарба макамын алууга арыздарды кабыл алуу башталдыКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын уттуКыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышууда
Нурланбек Шакиевге Казакстандын “Достук” ордени ыйгарылды
31.10.2024 | 17:11
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган сыйлык Шакиевге коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
Орденди ага Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов тапшырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом