ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кыргыз милициясынын 100 жылдыгын белгиледи.
Аталган кызматтан белгилешкендей, бул мааракеге арналган иш-чарада бир катар кызматкерлер жан аябас эмгеги үчүн ведомстволук медалдар менен сыйланган. Сыйлыктарды Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов тапшырган.
«ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кызматкерлери Кыргызстанда укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө талыкпай эмгектенүүнү улантууда», — деп айтылат маалыматта.