Президент Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоганга I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылган.