Кыргызстандын режиссерлору тарткан үч тасма Румыниядагы Quo vadis? (Каякка баратасың?) эл аралык фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Фестиваль 7-10-ноябрда өтөт. Анда Асел Жураеванын «Теңирберди», Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч», Эрнест Абдыжапаровдун «Манасчы Сагымбай» тасмалары көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль быйыл алгачкы ирет өткөрүлөт.