Кыргызстандын 6 окуу жайы Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирди

Кыргызстандын 6 окуу жайы Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирди

2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстандын 6 окуу жайы Азиядагы мыкты университеттердин катарына кирген:

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
  • Ош мамлекеттик университети (260-орун);
  • Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
  • Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун).
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>