Жапаров журналисттерди терс жаңылыктарды азыраак жазууга чакырды

Жапаров журналисттерди терс жаңылыктарды азыраак жазууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 7-ноябрда журналисттер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул жолугушуу журналисттердин кесиптик майрамына карата уюштурулган.

Жапаров коомдук пикирди калыптандырууда журналисттердин ролу чоң экенине токтолуп, санарип доорунда журналисттердин ролу дагы жогорулай тургандыгына ишеним билдирди.

«Технологиянын тез өнүгүшүнө жана жашообузга жасалма интеллекттин киргизилишине карабастан, журналисттин кесиби маанилүү жана алмаштырылгыс бойдон калууда. Сиздердин иш жөн гана маалымат жеткирүү эмес, ал контекстти түзүү, окуяларды талдоо жана аларды коом үчүн жеткиликтүү кылып көрсөтүү. Техниканын өнүккөн доорунда сиздердин ролуңуздар дагы жогорулайт деп ишенем. Жасалма интеллект адамдын түшүнүгүн, интуициясын жана эмпатия жөндөмдүүлүгүн – журналистиканын чыныгы кайталангыс сапаттарын алмаштыра албайт», – деди Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров журналисттерге кайрылып, Кыргызстандын туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары позитивдүү имиджин түзүүгө чакырды.

«Келиңиздер, өлкөбүз жөнүндө оң маанайда жазып, терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурганга аракет кылалы», – деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>