Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Министр добуш сатып алууга бөгөт коюуну тапшырды
11.11.2024 | 10:43
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоодо добуш сатып алууга бөгөт коюуну тапшырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМде алдыдагы шайлоого байланыштуу онлайн кеңешме өткөрүлгөн. Анда министр милиция жетекчилерине добуш сатып алууга, шайлоочуларды ташууга, документтерди бурмалоого, эл арасында чагымчыл маалыматтарды таркатууга жана башка мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуну тапшырган.
Ошондой эле шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Кемчилик кетирген жетекчилерге чара көрүлөрү эскерилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом