Ош шаарында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 11-ноябрда издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 киши чыкты.
Министрликтин маалыматы боюнча, 9-ноябрда Жаңы-Маала айылында 5 жаштагы бала Ак-Бууранын жээгинеде ойноп жатып, сууга түшүп кеткен.