Кыргызстанда быйыл 10 айда (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо номиналдык айлык акы 11,8%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, орточо номиналдык айлык акы 35 миң 751 сомду түзүп, 2023-жылдын 10 айына караганда 11,8%га өскөн. Ал эми реалдуу айлык акы 6,7%га көбөйгөн.
Номиналдык жана реалдуу айлык акынын айырмасы эмнеде?
Номиналдык айлык акы — сиз жумушта бир айда иштеп тапкан акчаңыздын суммасы. Ал эми реалдуу айлык акы сиз ошол акчага былтыркыга караганда канча азык-түлүк, кызмат сатып аларыңызды көрсөтүп турат. Мисалы сизде 5 миң сом бар дейли, бирок баалар кымбаттаганына байланыштуу, сиз ал акчага былтыр эле 4,7 миң сомго алып жүргөн азык-түлүктөрдү сатып ала аласыз.