Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып бердиКыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынатКыргызстандык окуучу кыз “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келдиКытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди2028-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Россияда өтөт — ЖМК
Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 751 сомду түздү
13.11.2024 | 13:59
Кыргызстанда быйыл 10 айда (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо номиналдык айлык акы 11,8%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, орточо номиналдык айлык акы 35 миң 751 сомду түзүп, 2023-жылдын 10 айына караганда 11,8%га өскөн. Ал эми реалдуу айлык акы 6,7%га көбөйгөн.
Номиналдык жана реалдуу айлык акынын айырмасы эмнеде?
Номиналдык айлык акы – сиз жумушта бир айда иштеп тапкан акчаңыздын суммасы. Ал эми реалдуу айлык акы сиз ошол акчага былтыркыга караганда канча азык-түлүк, кызмат сатып аларыңызды көрсөтүп турат. Мисалы сизде 5 миң сом бар дейли, бирок баалар кымбаттаганына байланыштуу, сиз ал акчага былтыр эле 4,7 миң сомго алып жүргөн азык-түлүктөрдү сатып ала аласыз.