24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болотБаңгизаттын таасиринде болгон. Бишкекте аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалдыБишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат берди
УКМК Таласта 5,5 гектар жер мэрияга кайтарылганын билдирди
14.11.2024 | 09:27
Таласта баасы 845 млн 849,5 миң сом болгон, «Э.А.Х» ЖЧКсы айдоочулар мектебине таандык болгон 5,5 гектар жер мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат бидиргендей, аталган жер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун тааныш-билиштерине берилип кеткен.
“Тактап айтканда, Талас шаарынын мэриясынын кызмат адамдары “А.Т.” автотранспорт ишканасы акционердик коомунун администрациясы менен сүйлөшүп алып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Э.А.Х” ЖЧКсына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттап беришкен”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом