Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Кыргызстандык футболчу бутунан жаракат алып, алдыдагы беттештерге катыша албайт
14.11.2024 | 13:57
Кыргызстандын улуттук футбол курамасынын коргоочусу Христиан Браузман бутунан жаракат алып, алдыдагы оюндарга катыша албайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Христиан Браузман бутунун кызыл ашык жагынан жаракат алган. Анын толук айыгышына 2-4 жума убакыт керек болот. Мындан улам спортчу бүгүн, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына жана 19-ноябрда Иранга каршы оюндарга катыша албайт.
Кыргыз футбол биримдиги спортчуга батыраак сакайып кетүүнү каалайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом