Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду
Акылбек Жапаров кызматтан кетеби? Өкмөт башчынын жообу (видео)
14.11.2024 | 18:23
Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “кызматтан кетеби?” деген суроого жооп берди.
Жыйында депутат Дастан Жумабеков Жапаровдун республикалык бюджеттин аткарылышы жана пландары тууралуу баяндамасы жакшы болгонун, ага өкмөт башчы коштошуп жаткандай таасир калтырганын айтып, “кызматтан кеткени жатабы?” деген суроо узатты.
Жапаров кызматтан кетпей турганын билдирди.
“Аны күтпөй эле коюңуз” деп айткандан уялып жатам. Баяндамабыз эмдиги жылы мындан да жакшы болот. Бул Кудайдын буйругу жана президенттин чечими. Президент канчага чейин ишеним артса, ошончо иштейбиз”, – деди ал.
Акылбек Жапаров президент ага “эң көп иштеген өкмөт башчы болосуз” деп айтканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом