Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Өлкөдө саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктады.

Саясий өнөктүккө карата 2437 шайлоо участкасы иштеди. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында шайлоочулар үчүн аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер — 2 000 528 (48,38%), аялдар — 2 134 511ге (51,62%) жетти.

Жалпысынан 33 шаардык кеңештеги 993 депутатка жана 231 айылдык кеңештеги 5391 депутатка добуш берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>